super.kg logo

Ош шаарында 3 көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатат

 
1-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жолдорду асфальттоо жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын алкагында Алиев Достук кичи шаарчасындагы 51чи жана Мажрумтал көчөлөрүндө жүрүп жаткан иштерди текшерди.
Алиев көчөсүндөгү жолдун биринчи бөлүгүндө сугат лотокторун орнотуу иштери аяктап жатат, ири бүртүкчөлүү асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул жерде бекемдөө иштери жана тротуарды асфальттоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле экинчи багытта суу түтүгүн өткөрүп берүү боюнча чаралардын комплекси көрүлүүдө, андан кийин жол тилкесин жана тротуарларды оңдоо иштери башталат. Жумуштун жалпы узундугу 0,9 чарчы метр.
Достук кичи районунун 51-көчөсүндө жолду асфальттоо иштери аяктап, учурда жолдун эки жээгин бекемдөө чаралары көрүлүүдө. Бул жерде жолдун жалпы узундугу 0,5 чарчы метр, туурасы 5 метр, жумуштун тендердик баасы 2,3 миллион сомду түзөт. Мажрумтал көчөсүндө учурда тротуарды жана жолду асфальттоо, лотокторду орнотуу боюнча даярдык иш -чаралары жүрүп жатат. Сентябрдын биринчи жарымында аяктайт.
Ал эми 2021-жылга Төлөйкөн айылынын Ражапов көчөсүнүн, "Курманжан-Датка" МАБындагы Бобулов көчөсүнүн, Ак-Тилек кичи районундагы №16 көчөнүн, Тээк айылынын Алибеков көчөсүнүн, Татар айылынын Алиев көчөсүнүн жолдорун асфальттоо иштери жүрөт. Ошондой эле, "Туран" МАБындагы Ирригатор көчөсү, Анар кичи шаарчасындагы азиздер жана дүлөйлөр коомунун аймагын асфальттоо, тротуарларды жана лотокторду иретке келтирүү иштери болот. Жалпысынан быйыл 5 чакырымга жакын жолду асфальттоо пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
02.09.2021. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Центральный жолду кылгылачы жамак жумак болуп кетти.Коноктор да ошол жол менен келет уят
02.09.2021. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан озубектер жашаган кочолор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: