super.kg logo

Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин форуму өттү

 
1-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов Түрк кеңешинин жаш лидерлери менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн аймактарынан келген 50дөн ашык жаш делегаттар катышты.
Биринчи вице-мэр жаштарга инвестиция салуу, келечекке чоң багыт берүү экендигин баса белгилеп, ушундай форумдар жаштардын тажрыйба алмашуусуна жана кайсы тармакта болбосун калыптанышына мүмкүнчүлүк түзөт деп кошумчалады.
Форумдун максаты - региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат.
Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин үчүнчү форуму уюштурулган.
Иш-чара 31-августтан 2-сентябрга чейин улантылат. Форумдун алкагында Түрк кеңешинин өлкөлөрүндөгү активдүү жаштардын ишмердүүлүгү туурасында илимий жана практикалык конференциялар, эркин темалар боюнча жолугушуулар, тегерек столдор уюштурулууда.
Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин форуму 2018-жылдан бери өтүп келет. Биринчи форум Азербайжанда, экинчи форум Казакстанда болгон. Ал эми кийинки эстафета Өзбекстанга узатылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: