ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Мектептеги кенже тейлөөчү кызматкерлердин маяналарын 100 пайызга көтөрүү боюнча сунуш берилди" дешти министрликтен
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын тургуну кайрылды. Анда ал мектепте техникалык персонал кызматында эмгектенерин айтып, 4 миң 800 сом айлык менен азыркы шартта үй-бүлө багуу өтө эле оор болуп жатат деп билдирген.
Жогорудагы маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын 100 пайызга көтөрүү боюнча сунуш берилгенин айтышты.
"2017-жылы акыркы жолу социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары 50 пайызга көтөрүлгөн. Ошондон бери 4 жыл аралыгында социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын маяналарын көтөрүү боюнча бир нече чогулуштар болуп, бирок бюджеттин тартыштыгына байланыштуу оң жагына чечилбей келген.
Билим берүү уюмдарында 32 миң 827 адам техникалык жана кенже тейлөөчү кызматтарда эмгектенет. Алардын орточо айлыгы 5 миң 97 сомду түзөт. Билим берүү жаатында эмгектенген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөк акынын өлчөмү дагы өкмөттүн токтомунда каралган эмес, ошол эле убакта аталган кызматкерлер социалдык чөйрөнүн башка тармагында иштесе, аталган үстөк акыны ай сайын алышат.
Министрлик тарабынан техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын 100 пайызга көтөрүү боюнча Экономика жана финансы министрлигине сунуш берилди. Ага кошумча иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөк акыны дагы билим берүү жаатындагы кызматкерлерге таркатуу каралган.
Мамлекеттик бюджеттен аталган иш-чарага 5 миллиард 104 миллион сом акча каражаты кошумча талап кылынат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

