Чүйдүн Москва районунда Негматулл Фохаков дайынсыз болуп изделүүдө
Чүйдүн Москва районунда Негматулл Фохаков дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 1988-жылы туулган. Ал Степное айылындагы жашаган үйүнөн 21-август күнү чыккан боюнча дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кыска, кара, сакалы бар. Психикалык жактан жабыркайт.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү костюм, кара түстөгү спорттук шым, кара кроссовка.
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жаранды көрүп, билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-77-27, 03131 5-21-31, 0707 54-21-71, 0550 22-17-17, 0701-15-85-05, 0755-15-85-05.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.