Бишкек шаардык кеңеши маршруттук таксилердин жаңы тарифин бекитпейт. Маселени ким чечет?
Бишкекте коомдук унаалардын жол кире тарифин бекитүү шаардык кеңеш тарабынан каралбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын бүгүнкү отурумунда шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев билдирди.
"Шаардык кеңештен маршруттук таксилердин жаңы тарифин бекитүүнү көпчүлүк күтүп жатат. Бул маселелер Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралышы керек деген пикирлер жаралып калыптыр.
Бирок бул маселелерди кароо шаардык кеңештин милдеттерине кирбейт. Бул маселени чечүүнү мэриянын, шаардык кеңештин юридикалык бөлүмүнө, профилдик комиссияга тапшырам", - деп билдирген Конгантиев.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жол кире тарифин өзгөртүүнү коомдук талкууга койгон. Анда жол кире көтөрүүнүн үч варианты камтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.