super.kg logo

Бишкек мэриясы шаардыктарды таштанды жана кургак чөп өрттөбөөгө чакырат

 

Акыркы убактарда өрт кырсыктары байма-бай катталып жаткандыгына байланыштуу Бишкек мэриясы шаардыктарга кайрылуу жасады. Анда борбор калаанын жашоочуларын тилсиз жоого алып келүүчү негизги себептердин бири болгон таштанды жана кургак чөптү өрттөбөөгө чакырат.

"Урматтуу шаардыктар! Чөптөрдү өрттөбөгүлө. Бул нерсе өрт кырсыгына алып келиши ыктымал.

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы ар күнү шаардын санитардык абалын жакшыртуу, шаар чөйрөсүн жашылдандыруу боюнча иштерди алып барып келет.

Мурдагы күнү шаардагы булгаары завод тараптагы Веселой көчөсүндө кургак чөп өрттөнүп жатат деген билдирүү келип түштү. Биз ал жерге жетип барып, жакынкы турак үйгө жайылып кетүү коркунучу бар аймактагы чөптүн күйүп жатканына күбө болдук.

Бир күндөн кийин ошол эле аймактагы Хвойной көчөсүндө кургак чөпкө өрт коюшкан. Өрт жашоочулардын бакчасына жайылган. Кырсыктын алдын алуу үчүн Свердлов районунун инспекторлору менен Өзгөчө кырдаалдар кызматы болгон күчү менен өрттү өчүрүүгө жардам беришти. Ал жерде бир турак үй толугу менен күйүп, адамдар жабыркашы мүмкүн эле.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Сураныч, турак үйлөрдүн жана кеңселердин айланасындагы тазалыкка көңүл бургула. Таштанды таштабагыла жана өрттөбөгүлө. Борбор калааны жакшыртуу эрежелерине ылайык биз баарыбыз өз айланабыздагы 10 метр тилкенин тазалыгын камсыз кылууга милдеттүүбүз", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле мэрия айтылган эрежени бузгандар үчүн жарандык жактан 7 миң 500 сом, юридикалык жактан 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынарын эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.09.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ШЫЛТОО ТАПАГЫЛА КОП ЖУРНАЛИСТ ИДИРИС ИСАКОВ ОРТОНГОН БАК ДАРАКТАРДЫ АЙТПАГАНДА УНЧУКПАЙ РЕАКЦИА КЫЛБАЙТ ЭЛЕНЕР ИТКЕ МИНГЕНДЕР ЖИПКЕ МИНГЕНДЕР ДЕГЕН ВИДЕО РОЛИГИН ТАРТПАГАНДА.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: