super.kg logo

Панжшер провинциясындагы салгылашууда 350 талиб жок кылынгандыгы кабарланды

 

Ооганстандын Панжшер районундагы өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын салгылашуусунан жалпы 350 талиб жок кылынды. Бул тууралуу Ооган улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, салгылашуудан 350 талиб жок кылынса, 287си жаракат алып, 35 талиб туткунга түшүрүлгөн. Ошол эле учурда "Талибан" кыймылы бул провинцияны алуу үчүн арты-артынан чабуул уюштуруп жатышкандыгы белгилүү болду.

Мындан тышкары, Ооган улуттук каршылык көрсөтүү фронту "Талибан" кыймылынын көптөгөн курал-жарактарын, ок-дарыларын тартып алышкан.

Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болуп саналат. Буга чейин "Талибан" кыймылы аталган аймакты курчоого алып жаткандыгы кабарланган.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
03.09.2021. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бар экенсинер го
03.09.2021. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Америка эмнеге панжшер провинциясында жардам бербейт?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: