"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жакында калаанын Калык Акиев-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөк коюлат
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынан окурман кайрылып, Калык Акиев-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак коюлса деген өтүнүчүн билдирген. Мындан тышкары ушул эле көчөнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөк койсо деп кайрылган.
Жогорудагы маселе боюнча "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасына байланыштык. Анда аталган жолдун кесилишин жөө адамдардын өтүшүнө ыңгайлаштыруу иштери 2021-жылдын 14-сентябрында башталарын билдиришти.
"Калык Акиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча иштер каралып, “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын планына киргизилген. Аталган жолдун кесилишин жөө адамдардын өтүшүнө ыңгайлаштыруу иштери 2021-жылдын 14-сентябрында башталат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми жол чыракты коюу боюнча Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү жарандардын кайрылуусу боюнча аталган дарекке барып, жол чырак маселесин жеринен анализдеп, кароонун жыйынтыктары менен кеңири маалымат берилет", - дешти атайын кызматтан.

