super.kg logo

"Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясына "улуттук" макамы ыйгарылды

 

"Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясына "улуттук" макамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Макам мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо олуттуу салым кошкондугу үчүн берилди.

Мындан ары аталган мектептен тышкаркы окуу жайы "Алтын Түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы» деп аталат.

Эске салсак, 2021-жылдын 12-майында мамлекет башчысы академияга барган учурда педагогикалык жамаат жана окуучулардын ата-энелери менен жолугушкан. Алар мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, окуу жайды модернизациялоо боюнча бир катар сунуштарын айтышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мекеменин педагогикалык инновацияларды кеңири жайылтуу потенциалын чыңдоо жана кошумча билим берүүнүн жаңы технологияларын топтоо максатында президент академияны каржылоону көбөйтүүнү тапшырган.

Академияга "улуттук" макамын ыйгаруу жаш, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого түрткү берет, ошондой эле мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, алдыңкы катардагы чет элдик илимий-изилдөө институттары жана илимий-техникалык өнүгүү багытындагы университеттер менен кызматташууну жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары, министрлер кабинетинин тийиштүү чечимдеринен соң окуу жайдын негизги жана техникалык кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт. Ошондой эле Садыр Жапаров окуу жайга барган учурда берген тапшырмасы боюнча жакын арада спорттук аянтчалардын ачылышы күтүлөт.

Азыркы учурда Академияда 1800дөн ашуун окуучу онлайн жана оффлайн режиминде робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: