super.kg logo

Садыр Жапаров жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду (тизме)

 

Президент Садыр Жапаров "Жарандардын айрым категорияларына социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Президенттин жарлыгына ылайык, ай сайын берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайызга жогорулайт (2021-жылдын 1-октябрынан тарта).

  • ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
  • Атасынан же энесинен айрылган балдарга — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
  • Атасы менен энесинен айрылган балдарга — 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • Бала кезинен I топтогу майып адамдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
  • Бала кезинен II топтогу майып адамдарга — 3300 сомдон 4950 сомго чейин;
  • Бала кезинен III топтогу майып адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;
  • Атасы менен энеси белгисиз балдарга — 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул 100 пайызга көбөйтүлөт.

  • ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
  • Атасынан же энесинен айрылган балдарга — 1000 сомдон 2000 сомго чейин;
  • Бала кезинен I топтогу майып адамдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
  • Бала кезинен II топтогу майып адамдарга — 3300 сомдон 6600 сомго чейин;
  • Бала кезинен III топтогу майып адамдарга — 2700 сомдон 5400 сомго чейин;

2022-жылдын 1-январынан тарта 200 пайызга көбөйө турган жөлөк пулдар:

  • Атасынан же энесинен айрылган балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин;
  • Атасы менен энеси белгисиз балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин.

Айта кетсек, чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
02.09.2021. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акча канча кобойгон сайын справкалар да кобойот.Тиги жактын кагазын,бул жактын кагазын алып кел.Атана бар,жотоно бар дегендери да кобойот.
02.09.2021. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiymkunumjyldyzym, Туура, ошентип тияка бияка чуркатып атып 2-3 миң сомуңду алып койушат.
03.09.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aiymkunumjyldyzym,антип строго карап бербесе соо адам деле кичине больницага жатып алып эмне жесек окмоттун бекер акчасын жейбиз дешип 3 топтогу майып деген кагаз жасатышат оз козум мн коргонмун канчалаган адамдарды
02.09.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озбек туугандар таза баласына майып деп акча алып жургондор эми соц фонд,соц защитадан чыкпай калат экен да
03.09.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,андайды беш кол тен эмес кыргыздар деле алат экен канча жылдан бери эле коруп угуп келатам. Тем более туугандар ото кыйтыр келишет жон эле тытынып чуркашат эми элдин баары ошентип жан баккандар. Ошол учун аябай строго текшерип анан бериш кк
03.09.2021. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарга пособие дагы кобойбойт экен да.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: