super.kg logo

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө

 

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун аталган мекемеден билдиришти.

Чечим орусиялык тараптан сунушталган аппараттык жана программалык система жаңы моделдеринин катышуусунда пилоттук долбоорду өткөрүү жолу аркылуу фискалдык маалыматтарды онлайн-режимде берүү функциясы каралган контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу механизмин өркүндөтүүгө багытталган.

Пилоттук долбоор пилоттук долбоордо колдонулган фискалдык модулдары бар контролдук-кассалык машинанын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана баалоого, фискалдык маалыматтарды онлайн режимде салык органына чогултууга, аны оңдолбогон түрдө коргоп сактоого, чогултуунун жаңы технологияларын сынап көрүүгө, салык кызматынын маалымат системасына эсептөөлөр тууралуу маалыматтарды берүүнү уюштуруу үчүн байланыш тармактарын жана сервердик жабдуулардын кубаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле экономикалык натыйжалуулукту, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүнүн жаңы технологияларын пайдалануунун оптималдуу ыкмаларын жана чектерин аныктоого, ошондой эле системага карата коюлган талаптарга дал келүүсүн текшерүүгө мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: