"Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду
"Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердик субъекттерине мындан ары колдоо көрсөтүү жана аларды экономиканын байкоого алынбаган секторунан чыгаруу максатында министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттө тапшырылат:
- Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүү;
- Бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.

