Орточо эсеп менен пенсия 455 сомго көбөйтүлөт. Президент тийиштүү жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров "Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында министрлер кабинетине 1-октябрга чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1-октябрдан тартып индексациялоо жүргүзүүнү тапшырды.
Мамлекет башчысы өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында сүйлөгөн сөзүндө пенсиялардын индексациясы жүргүзүлөрүн жарыялаган.
Социалдык фонддун алдын ала жүргүзгөн эсептөөлөрү боюнча, пенсионерлердин саны 1-октябрга карата 715,5 миң адамды түзөт.
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча орточо эмгек акы 2020-жылы 18 миң 940 сомду түздү же 2019-жылдагы орточо эмгек акыга карата 110 пайызга өскөн. Ушуга байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 2020-жылдагы орточо эмгек акынын өсүшүнө 110 пайызга индексациялоо сунушталууда. Ошону менен бирге пенсиянын базалык бөлүгү эгерде пенсиянын жалпы суммасы Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 4 миң 785,4 сомду түзгөн өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болсо индексацияланат.
Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 248 сомду түзөт, бул пенсиянын орточо көлөмүнөн 8 пайызга жогору же 455 сомду түзөт.
Жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоого керектөөлөр 2021-жылдын 1-октябрынан баштап республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 154,3 миллион сомду түзөт.
1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга чыгымдар Социалдык фонддун бюджетинде каралган. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен 830,6 миллион сом керектелет.


Ал эми элге келгенде баягы эле акча жок деген шылтоо даяр. Азык-тулук, дары-дармектер дээрлик 2 эсе болуп кымбаттады. Ал эми пенсияларга болгону 450 сом кошуу уят, ото уят. Хотя бы 50-70% кобойтуу керек эле пенсияларды.