Өлкөдө энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээли төмөндөөдө
Энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээли дагы төмөндөөдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинети өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата маалыматтык материалдардын циклин жарыялоону улантат. Аталган макала саламаттыкты сактоо тутумуна арналган.
"Энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн деңгээли дагы төмөндөөдө, бирок жайыраак темпте жүрүүдө. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2015-жылы Кыргыз мамлекети 1990-жылга салыштырмалуу балдардын өлүмүн 2/3 кыскартуу боюнча миң жылдыктын өнүгүү максатына жетишкен", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары анда акыркы 10 жылдын ичинде жашоо узактыгы орточо 2,4 жылга өскөнү айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.