super.kg logo

"Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыкка өзгөртүү киргизилди

 

"Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыкка өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров 15-июлдагы "Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизүү" тууралуу жарлыкка койду.

Төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү токтом кылынат:

Жогоруда аталган жарлык менен бекитилген президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо 15 жана 16-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

15. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде бир биринчи орун басары болот.

16. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат».

Бул жарлык бекитилген штаттык сандын жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
03.09.2021. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элге пайдалуу деле пункт эмес экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: