super.kg logo

Ошто ипотекалык багыттагы үйлөрдү шаар күнүнө карата тапшыруу пландаштырылууда

 
Бүгүн, 2-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тийиштүү кызматтар менен биргеликте шаарда курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач Курманжан Датка №121 дареги боюнча салынып жаткан 9 кабаттуу үйгө барды. Аталган көп кабаттуу үй 80 батирлүү, учурда курулуш иштеринин 70% бүткөн. Айта кетсек, 1 бөлмөлүү – 32, 2 бөлмөлүү - 32, ал эми 3 бөлмөлүү - 16 батир жайгашкан. Курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталган.
Андан соң Достук кичи районундагы №83 көчөсүндөгү, №25 үй дарегиндеги 9 кабаттуу 90 батирлүү ипотекалык турак үйүнүн курулушун көрдү. Азыркы учурда жалпы курулуш иштеринин 85 пайызы аткарылган. Аталган көп кабаттуу үйдө 1 бөлмөлүү батирден 38, ал эми 2 бөлмөлүүдөн – 34, 3 бөлмөлүү – 18 батир бар.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Кутманалы Абдырахман уулу учурда шаарда үч көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, шаар күнүнө карата эки көп кабаттуу үйдү бүтүрүп, шаардыктарга тапшыруу пландары бар экендигин кошумчалады. Ошондой эле азыр ипотекалык багытта үй алууну көздөгөн 1700дөн ашуун шаар тургундары тизмеде тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Көкүм-Бий көчөсүнүн №100 А дарегинде дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Ал 9 кабаттуу болуп, 45 батирлүү.
Ошондой эле муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан үлүштүк багытта көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Анын алкагында бир 12, эки 9 көп кабаттуу үйлөр курулат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: