super.kg logo

Коомдук унааларда санитардык норманы сактоого көзөмөл күчөтүлөт

 

Жаңы окуу жылын утурлай Бишкек шаарынын троллейбус дирекциясынын көчмө бригадасы троллейбустарда санитардык нормаларды сактоого көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер жүргүнчүлөр менен коомдук транспортто бет кап режимин жана аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле троллейбустун ички тазалыгын, айдоочулардын сырткы көрүнүшүн жана кол тазалоочу каражаттардын иштөө абалын текшеришти. Жалпысынан 130 троллейбус текшерилди. Бул рейддер аптасына эки жолу өткөрүлөт. Бригада жүргүнчүлөрдөн коомдук транспортто бара жатканда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону суранышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: