Эч бир эне мага окшоп базар кыдырып, акча чогултпасын. Боордун залалдуу шишик дартына кабылган Айбек Жунусов жардамга муктаж
Буга чейин, тагыраагы июнь айларында SUPER.KG порталына эки баланын атасы 42 жаштагы Айбек Жунусов боордун залалдуу шишик дартына кабылып, операция жасоо үчүн апасы Нуриза Нурдинова базарларда кайрымдуу адамдардан жардам сурап жатканы кабарланган.
Арадан 2 айдай убакыт өткөн соң Нуриза Нурдинова кайрадан редакциябызга кайрылып, баласынын операциясы үчүн керек болуп жаткан 35 миң доллардын 29 миңи чогулганын, элге ыраазы экендигин айтып, дагы 6 миң доллардай каражат чогултуу үчүн мээримдүү адамдардан көмөк сурап кайрылды.
"Баламдын операциясы үчүн 35 миң доллар керек болчу. Учурда 29 миңи чогулуп калды. Элге ыраазымын. Азыр деле базарларга чыгып, уулумдун операциясы үчүн акча чогултуп жатам. Дагы 6 миң доллар чогултуу керек болуп жатат. Кайрымдуу элден жардам сурайм. Керектүү сумма чогулган соң баламды Индияга операция жасатуу үчүн жөнөтөбүз.
Эч бир эне мага окшоп базар кыдырып, баласына операция үчүн акча чогултпасын. Бул аябай жаман", - деди Нурдинова.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Элкарт: 9417 0187 0173 2844 Алия Ядыгарова;
Оптима:4169 5853 4363 3029 Айбек Жунусов;
Сбербанк: 5228600547063463 Эсен Нурдинов;
Баланс О!:0700 89 16 04 Алия Ядыгарова;
Мой кошелёк О!:0700 89 16 04;
Элсом:0700 89 16 04.
кошулду



1 |