super.kg logo

Садыр Жапаров Абу-Даби шаарына расмий иш сапар менен барат

 

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Өлкөгө энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Алардын арасында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргыз өлкөсү Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр.

"Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат.

Белгилеп кетейин, мамлекет тарабынан инвесторлорго шарттарды түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына киргизилди. Анын негизинде бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат, ошондой эле атайын Инвестициялар министрлиги да түзүлдү.

Кыргызстан өз тарабынан эмираттык бизнестин өкүлдөрүнө бардык жардамдарды көрсөтөт, тактап айтканда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт", - деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргыз өлкөсүнө келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат.

Ошону менен бирге өлкө башчы эки өлкө кызматташтыгын чыңдоо жана тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасында БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанисин белгиледи. Элчиликтин ачылышы Кыргыз өлкөсүндөгү эмират бизнесин шыктандырып, анын ийгиликтүү иштешине шарт түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.09.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр Жапаров эркек президент. Алга. Кыргызстанды онуктурунуз. Ишинизге ийгилик.
03.09.2021. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапарлап журо берет экенсиз да,жолдош президент.
03.09.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Садыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: