"Силер кечигип калдыңар". Дастан Бекешев шайлоонун алдында катталган жерин өзгөрткөндөрдүн көбөйгөнүн айтты
Калкты тейлөө борборлорунда каттоону өзгөртүү үчүн чоң кезек күтүүлөр болуп жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналына жарыялады.
Анын айтымына караганда, мындай кезек күтүүлөр шайлоонун алдында болот.
"Бүгүнкү күндө Калкты тейлөө борборлорунда чоң кезек күтүүлөр болууда. Жарандар каттоону өзгөртүү үчүн аракет кылышууда. Мындай учур шайлоо алдында болчу.
Азыркы учурда эмне үчүн мындай кадамга барып жатышканын түшүнгөн жокмун. Азыр кеч. Биринчиден, эгер жаран кайсы бир партияга жана талапкерге добуш бергиси келсе, анда муну Ысык-Көл жана Нарын облустарында жасаса болот, бирок добуш берүүгө 90 күн калганда каттоону өзгөртүүгө болбойт. Ал эми шайлоого 86 күн калды. Көпчүлүк бул тууралуу билбей жатат окшойт. А балким, шайлоодо добуш берүүдө эч ким каттоонун өзгөртүлгөнүн (90 күн же 15-20 күн экенин) текшербейт чыгар. Бирок мындай болбошу керек. Бул туура эмес. Биздин өлкөдө мындай баш аламандыктар жөнөкөй эле көрүнүш болуп калды", - деген депутат.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

