super.kg logo

Өлкөдө жакынкы убактарда органикалык продукцияларды тастыктаган сертификат берилет

 
Өлкөдө жакынкы убактарда органикалык продукцияларды тастыктаган сертификат берилет. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, министр Аскарбек Джаныбеков Bioteam органикалык продуктыларды сертификациялоочу органдын жетекчиси Ахмет Тайар Доган мырза жана Левент Алышыр менен жолукту.
"Ахмет Тайяр Доган бир катар КМШ, Европада, Азия органикалык продуктыларды сертификациялоо боюнча чоң тажрыйбага ээ. Ошондой эле Кыргыз өлкөсү атайын сертификаттоочу орган ачуу пландары менен бөлүштү.
"Биз ЕАЭБ өлкөлөрүндө органикалык стандарттардын өз ара таанылышын кабыл алышыбыз керек, кийинки кадам органикалык стандарттарды Европа Биримдиги, АКШ, Канада жана Корея өлкөлөрүнө таануу абзел", - деп белгиледи министр.
Министр Кыргыз өлкөсүнүн өсүмдүк өстүрүү тармагында эле эмес, мал чарбасында органикалык өндүрүштү өнүктүрүүдөгү потенциалы тууралуу айтты", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: