super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кызымды мектепке которо албай кыйналып жатам" дейт Ош шаарынын тургуну

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош шаарынын жашоочусу кайрылды. Анда ал кызын жашаган жерине жакын мектепке киргизе албай жатканын айтты.

"Мен Ош шаарынын Манас кичи районунда жашайм. Төрт баланын энесимин. Биздин көйгөй баягы эле мектеп. Чоң кызым Барпы Алыкулов атындагы гимназия-мектебинде орус класста окуйт. Ал мектепте 4-класска чейин эле окугандыктан, кызымды №27 мектепке которушум керек. Себеби участкабыз бир.

№27 мектептин директоруна кирсем орун жок деп такыр болбой койду. Мага алыс жактагы мектепке беришимди сунуштап кеңеш берди. Менин 2 кичинекей балам бар. Ал жакка ташыганга мүмкүнчүлүгүм жок. Мага окшогон канчалаган ата-энелер өзүнүн участкасындагы мектепке балдарын киргизе албай жүрүшөт", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: