Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз-казак биримдигин даңазалаган аллеянын ачылышына катышты






Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эки элдин биримдигин даңазалаган “Достук” аллеясынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Талант Мамытов: “Куштун эки канатындай кыргыз менен казак эзелтен эриш-аркак, орток көчмөн маданиятын калыптандырышкан. Бир тууган эки эл чокусу бийик Ала-Тоону, касиеттүү кең талааны турак кылып келишкен. Кыргыз-казак байланышы кылымдардан бери келе жаткан кандаш, тамырлаш байланыш. Бүгүнкү ачылып жаткан парк мунун анык мисалы”, – деди.
Салтанаттын алкагында боордош эки өлкөнүн достугун чагылдырган дарак көчөттөрү отургузулуп, бир катар куттуктоо сөздөрү айтылды.

