Бишкек шаарынын айрым аймагында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт (тизме)
Бишкек шаарынын айрым аймагында 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга эски газ өткөргүчтөн чыккан газды токтотуу иштери себеп болууда.
"Бишкек шаарынын Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1985-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын чыгуусун токтотуу иштери өткөрүлөт.
Буга байланыштуу төмөнкү жерлерде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
- Төмөнкү Жал кичи району;
- Тынчтык кең көчөсү, Пожарский тар көчөсү, Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрүнүн аймагында;
- "Жылуулукэнергоремонт" буу казандарында.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы шаар тургундарынан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.