super.kg logo

Вакцинациялоонун жүрүшүн талдоо боюнча республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйыны ар бир облуста өтөт

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, республика аймагындагы, анын ичинде Ысык-Көл облусундагы вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата даярдыктар маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандардын саны азайып жаткандыгын, эпидабалды турукташтыруу жана оор абалдагы адамдардын, каза болгондордун санын кыскартуу үчүн эмдөөдөн өтүү керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн стационарларында COVID-19 менен ооруп дарыланган бейтаптардын 99 пайызы эмдөөдөн өткөн эмес.

2021-жылдын 2-сентябрындагы маалыматтар боюнча, Ысык-Көл облусунун аймагында COVID-19дан эмдөө алгандардын саны 54,5 миңден ашуун адамды түздү. Ал эми жалпы калктын 70 пайызы эмделиши үчүн 183 869 адам вакцинацияланышы керек. Бүгүнкү күндө бул региондо 175 убактылуу эмдөө пункттары иштөөдө.

Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте ар бир облустагы калктын коронавируска каршы эмдөө алышын кеңейтүүнү жана анын темпин күчтөндүрүүнү, вакцина алуунун зарылдыгы, маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрү иштери активдүү жүргүзүлүшүн камсыздоону тапшырды.

Эскертсек, кыргыз элинин коллективдик иммунитетин түзүүнү тездетүү үчүн 1-10-сентябрда өлкө боюнча COVID-19дан вакцинациялоо боюнча жалпы акция өтүүдө.

Өз кезегинде өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарынын педагогикалык курамы арасында вакцинациялануунун тийиштүү деңгээли 70 пайызга жетти. Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19дан вакцина албаган кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуусу тапшырылды.

Мындан тышкары, Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча студенттерди иммундаштыруу үчүн өлкө ЖОЖдорунда COVID-19дан вакцинациялоо боюнча мобилдүү пункттар ачылат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна “кызыл зонада” иштеп жаткан медиктерге материалдык компенсацияларды жана ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө каржылоону камсыздоосу тапшырылды.

Белгилесек, учурда Жылдыз Бакашова Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт. Вакцинациялоонун жүрүшүн талдоо боюнча мындай Республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйыны ар бир облуста өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: