УКМК төрагасынын Кубогу үчүн республикалык спартакиада башталды





Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көлдө бардык облустук башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен УКМКнын төрагасынын Кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиада башталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана тогуз коргоол боюнча спорттун беш түрү менен күч сынашат.
Спартакиаданын салтанаттуу ачылышында УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кызматкерлердин ыкчам жана кызматтык ишинин жогорку эффективдүүлүгүн камсыз кылуунун багыттарынын бири катары спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматкерлеринин дене тарбиясынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасынын Кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.



1 |