Төө-Ашуудагы унаа жолго жаңы асфальт төшөлдү




Бишкек-Ош унаа жолунун тилкесинде (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) эски асфальт-бетон төшөлмөсү алынып, ордуна жаңысы төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 83 000 миң сом каржыланды.
"Республикалык бюджеттен 2021-жылга каржылоо үчүн сунушталган объекттердин жана курулуш долбоорлорунун тизмесине ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 132,5-141-чакырымдарында асфальт-бетон төшөөчү түзүлүш үчүн 170 000 миң сом каралган. Учурда бюджеттен 83 000 миң сом каржыланды.
Бишкек-Ош жолунун 132,5тен 141-чакырымына чейин асфальт-бетон төшөө үчүн тендер 2021-жылдын 14-июнунда жарыяланган. Жалпысынан 8,5 чакырымга жаңы асфальт төшөө пландалууда.
Буга чейин 3,2 чакырымга чейин жумуш бүткөрүлгөн. Бишкек-Ош жолунун жогорудагы тилкелериндеги курулуш иштерин 2021-жылдын 30-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.







1 |