super.kg logo

"Денесине залал келтирген". Бишкекте айдоочу депутатка карата арыз жазды

 

Жергиликтүү басылмаларда депутат Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысы таксистти сабаганы боюнча маалыматтар тараган.

Биринчи Май РИИБи бул маалыматты тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-сентябрда саат 16:50 чамасында Бишкек ШИИББине Тоголок Молдо менен Чүй кең көчөсүндө айдоочулардын ортосунда чыр чыкканы кабарланган. Жерине Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери барышкан.

"Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө БМВ үлгүсүндөгү унаанын 1994-жылы туулган айдоочусу С.И. Р.М.го жана анын жан сакчысына карата жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. Анда ал денесине залал келтиргенин жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине ("майда бейбаштык") катталып, өндүрүш иши башталды.

Денеге келтирилген залалдын даражасын аныктоо үчүн С.И. аттуу жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына юридикалык баа берилет. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.













 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: