Бириккен Араб Эмираттары Кыргыз өлкөсүнө күн электр станциясы үчүн инвестиция салууга кызыкдар





Бириккен Араб Эмираттарынын компаниясы Кыргыз өлкөсүнө күн электр станциясы үчүн инвестиция салууга кызыкдар. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, энергокомпаниялардын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) келген делегация менен жолугушту. Анда энергетика тармагында кызматташуу маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз тарап өлкөдөгү энергетикалык долбоорлор боюнча маалымат беришти.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БАЭ тарап энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча Кыргыз өлкөсүнүн дарамети жогору экенин айтышты. Ал эми «MASDAR» компаниясы күн электр станциясына инвестиция салууга кызыкдар экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, бул компания Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электрстанциясына 110 миллион доллар инвестиция салган", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу сунушу киргизилди. Эми тараптар документтин долбоорун даярдоо боюнча иш жүргүзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
Pankration_MMA

04.09.2021. 17:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Күндөн, Шамалдан чыгаруучу энергетиканы тарта бергиле, итак эле миллиарддарга кошуналардан электр сатып аласыңар.
Jacob.

04.09.2021. 18:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул кундон электр кубатын алуучуну кобойтсонор, суу кунуно мынча кирди тигинче чыкты деп эсептеп отурбайт элек…
modem4999

04.09.2021. 20:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сууну жыргап сата берет экенбиз да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.