4 мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Өлкөгө "Рубеж-2021" машыгуусуна катышуу үчүн казак аскерлери келишти






Бүгүн, 5-сентябрда 20636 аскер бөлүгүнүн аймагында "Рубеж-2021" машыгуусуна келген Казакстандын аскердик контингентин тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, машыгууга Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын, Тажикстандын, Орусия Федерациясынын аскердик контингенттери, ЖККУнун бириккен штабынын жана катчылыгынын оперативдүү топтору катышат.
"Рубеж-2021" машыгуусу 7-9-сентябрда "Эдельвейс" полигонунда башталып, активдүү фазасы 9-сентябрда өтөт.
Машыгуунун негизги максаты – ЖККУнун (Жамааттык күчтөрдүн) аскерлеринин башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу. Ошондой эле Борбордук Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн бөлүкчөлөрү менен биргелешкен операциялардын жүрүшүндө тапшырмаларды аткаруудагы күжүрмөн айкалышкандыктарын жогорулатуу болуп саналат.

