super.kg logo

"Пикеттин эмес китептин аянты". "Ала-Тоо" аянтында китеп окуу акциясы өтүүдө (сүрөт)

 

Бүгүн, 5-сентябрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында "Китепкөй Ала-Тоо" аттуу китеп окуу саамалыгы өтүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучусу Айгерим Нурболот кызы иш-чаранын максаты китеп окууну жайылтуу экендигин айтты.

"Бул долбоор 2019-жылы башталган. Негизги максатыбыз региондорго китепканаларды ачуу. Долбоордун алкагында өлкө аймактарындагы 200дөн ашуун китепканалар жаңы китептер менен толукталды. 2020-жылы пандемияга байланыштуу иштер токтоп калган.

Биздин максат - Кыргыз мамлекетин дүйнөдөгү эң көп китеп окуган өлкө кылуу. Бул долбоор иштеп баштагандан кийин китеп окуу деңгээли өстү. Коомдук бирикме китептерди китеп дүкөндөрдөн алышат. Бүгүн иш-чарага 100дөн ашык китеп алып келдик. Бирикмеде 30 ыктыярчы салым кошту.

Каалаган адамдар биздин катарга кошула алат. Саамалыктын жүрүшүндө поэзия кечеси өткөрүлөт. Биздин "Китеп той" аттуу башка долбоорлорубуз дагы бар.

Бул саамалык кышка чейин күн сайын "Ала-Тоо" аянтында саат 17:00дөн 19:00гө чейин уланат. Кыш мезгилинде жылуу кеңселерде өткөрөбүз деп пландап жатабыз. Каалоочулар өздөрү менен китеп алып келсе болот же өзүбүз китеп менен камсыздайбыз", - деди Нурболот кызы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.09.2021. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Китептин ичине телефонун коюп алып отургандар барбы
05.09.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ишинерге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: