super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Мектепте талап кылынган даяр дептерлерди алайын десем кымбат. Ушунун эмне кереги бар эле?" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун тургуну кайрылды. Анда ал окуучулар үчүн методикалык дептерлер кымбат баада сатылып жатканын айтып, буларга токтолду.

"Мектептерде окуган балдарыма министрликтен сунушталып, талап кылынган дептерлерди алайын дегем. Баалары кымбат, бир окуучуга 2500гө чейин. Бул даяр дептерлердин эмне кереги бар эле? Милдеттүү түрдө талап кылып жатышат. Мурун мындай дептерлер жок эле окушчу.

3 балама 2 миң 400 сом жөлөк пул алам. Учурда кымбатчылык болуп турганда бул дагы кошумча кыйынчылык жаратууда", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
06.09.2021. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооба,туура айтасыз.Бизди дагы ошентип атышат мектептен милдеттуу турдо алат экенсинер деп.Мунун баарын Садыр кылып атабы же карабай калдыбы жегичтерди президентибиз
07.09.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muslima-0788, бул жөн эле бир чоңдун бизнеси убагында тедрадь тышды ручканы сатышкан 5сомдук ручканы 20сомдон сатышкан. Кайсыл жерде болсоңуз ошол жердеги мугалимдердин үстүнөн караган мекемелерге кайрылыңыз ал болбосо облусный министрлигине кайрылыңыз ал да болбосо пуркрорго арыз жазыныздар унчукпай отуруп берген болбойт.
06.09.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башта биз 3 түрлүү тетрадты тыйынга эле алчуу элек ошолор жетчүү кичине жол, чоң жол жана клетка же чакмак жол деп койчу элек. Азыр ушуга окшогон тетрадты алып бир билим берүү тармагындагы адамды байытып жатабыз.
06.09.2021. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мамлекет ушул жагына женилдик кылып берсе жакшы болмок. Негизи замандын талабына жараша алыш керек балдар учун. Биздин балдар да цивилизованный курал жарак иштетууго тийиш. Башка олконун балдарындай билимге жана заманбап окуу куралдарын колдонсун.
06.09.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Zumrudianka,Өрдөк казага теңелип буту сыныптыр дейт кыргыз эл макалында.башка мамлекеттерге жетиш үчүн даяр тетрадка эмес актай тетрадка башыбызда барын жазып үйрөнүшүбүз керек.экинчиден балаңызга терең билим бериңиз келсе жеке мектептерге бере бериңиз.акчаныз жетиштүү болсо.мамлекетин мектептеринде басымдуу карапайым элдин балдары окуйт.карапайым эл кымбат нерселерди көтөрө албайт.
06.09.2021. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zumrudianka,Ушул цивилизационный деген бул дептердин ичинде эч нерсе деле жок.Сыртын гана жазып койгон.Андан коро жон эле тетрадь колдонсо боло берет.
06.09.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акча топтомойду жок кылабыз деп тош какканы менен,мынага окшогон кымбат сатып алуулар коп балалуу уй булолорду отургуза эле койот
06.09.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Студент болуп калды мектеп окуучулары деле аны албай муну ал деп биздин чиновниктер кан соргуч жана ажуч мажуч тар алдынан чыкканын жеп ичип анан камалат куспай эле түкүрүп чыгып кетет аш казаны ооруп
06.09.2021. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусчаго. Дагы деле Кыргызча дептер чыгара элекпи?
06.09.2021. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-312,
Бул орус класстардын тетратдары.Бирок кыргыз кыластардыкыда ушундай кыргызча тетредтары бар.
06.09.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы эмнени башташты булар
06.09.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин ойумча айланып келип эле чоң соройлордун бизнесида.илгери саюз маалында даяр тетрады жок эле окуп жапжакшынакай эле билим алып келгенбизго.азыр биз китептерден бери сатып алып беребиз.орус мектептерде китептер жетишсиз.билим министири каякты карап жүрөт билбейбиз.жок дегенде ичкен аштарын актап ичишсе болмок Кудайдан коркуп.
07.09.2021. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул даяр тетрадтарды алайын деп бүгүн мен базарга түштүм бир кызыма төрт дептер керек деп биринчи жана экинчи болукторун члгу алайын десем 350сомдон болуп кетиптир китептерин кошуп эсептетсем 3400 болуп кетти жөнөкөй тетрад ручка тур калем башка нерселерин кошкондо бешминге барат экен бир балага ушунча акча кетсе ойлонуп ала албай кагырыгым түтөп үйгө кур кол кайтып кызым күтүп олтурган чыдамсыздык менен.алып келбегенимди көрүп сабыры түштү.айлам кетип эки үч күндө акча болот алып берем деп
07.09.2021. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызымдын көңүлүн көтөрүлүш болдум бирок бир эки күндө каяктан кантип акча таап алып берем деп ойлонуп олтурам.урматуу биздин билим берүү министирлерибизден суранам карапайым калкты кыйнап азапка салбай бул бизнесинерди токтоткулачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: