Депутат: "Баткендеги мектепти оңдоп бере албасак, өзгөчө макам берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?"
"Баткендеги мектепти оңдоп бере албасак, өзгөчө макам берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?" деп бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айнура Аскарова билдирди.
"Лейлек районундагы Булак-Башы мектебин көрүп келдик. Баткен облусунун шартын жакшыртуу боюнча жумушчу топ мындан эки ай мурда дагы барганбыз. Мектеп авариялык абалда экен. Бул мектепте окууну жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Мектеп урайын деп турат. Өлкөдөгү мектептердин арасынан бул жайды эң алдыңкы орунга коюп, карап бериңиздер. Мамлекет башчы айылга барганда тургундар бул маселе боюнча кайрылды болуш керек. Ал жактагылар "Баткен облусуна өзгөчө макам берилди, бирок кандай артыкчылыктар бар, кайсы жактан жардам болот?" деп сурап жатышат. Баткендеги мектепти оңдоп бере албасак, өзгөчө макам берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?", - деп депутат өкмөт өкүлдөрүнө кайрылды.



1 |