super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы: "Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча партиялык системада атаандаштык күчөдү"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов азыркы шайлоо мыйзамы боюнча партиялык системада атаандаштык күчөгөнүн айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талант Мамытов “Парламентаризм сабактары” берүүсүнө мыйзам чыгаруучу органдын аткарган жумуштары жана парламенттин орду туурасында маек берди.

"Талапкерлер шайлоого аралаш система аркылуу катышат, парламентке мурдагыдай алдыңкы тизмеде тургандар келбестен, элдин бир мандаттуу округдар аркылуу каалаган талапкерге түз добуш берүүсү камсыздалды. Тактап айтканда, партиялык система сакталып, депутаттардын 36сы бир мандаттуу округдар аркылуу шайланса, 54ү партиялык тизме боюнча шайланат, анын ичинде аялдар, жаштар, улуттук азчылыктын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн квоталар каралган”, – деди төрага.

Талант Мамытов былтыркы толкундоолор учурунда парламент чоң милдетти моюнуна алып, өлкөдө тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыздоодо чоң роль ойногонун белгиледи.

“Тагдырдын буйругу экен, мени ошол кыйын кезеңде төрагалык кызматка шайлашты. Аны менен катар Садыр Жапаров президенттик шайлоого кеткендигине байланыштуу президенттин милдетин убактылуу аткарып турдум. Кандай маселе болбосун эл аралык уюмдар менен жолугушуп, башка өлкөлөрдүн президенттери менен пикир алмашып турдук. Алар да колдоо көрсөтүп жатышты. Парламенттин аракети, салымы менен өлкөбүзгө стабилдүүлүк орноду. Парламент бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап турган орган. Ал мындан кийин да өзүнүн функциясын жогорку деңгээлде аткарат деген ишеничтемин”, - деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.09.2021. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы башталат экен да, Айды алып берем, Күндү алып берем. Мени шайлап коооойчу деп.
06.09.2021. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Партиялык системаны жоем деди беле ажо ,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: