Манасчы Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну жыйынтыктады
31-августта "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү максатында Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтууга киришкен манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүн улуу баянды айтууну жыйынтыктады.
Учурда манас айтууну жыйынтыктоо иш-чарасы Орусиядагы Кыргыз элчилигинде салтанаттуу түрдө өтүп жатат. Анда Дөөлөт Сыдыковду колдоп келгендер, ошондой эле уюштуруучулар тобу каалоо-тилектерин айтышууда.
Мындан тышкары "Улутум кыргыз! Урааным Манас" деген ураандар жаңырууда.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну 31-август күнү баштаган. Мындан бир күн мурун Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашканы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Ыйласа кошо ыйлап, кулсо кошо кулуп))
Бирок мындай 5 сутка айтканын коргон эмесмин албетте.
Чынын айтсам Доолот Сыдыковдун Манас айтканын коргон эмесмин хоть [moderated]дан.
Бирок, бугун айтып бутту десе кызыгуум жаралды Эмгеги ГИННЕССке киреби деп)))
АЗАМАТСЫЗ ДООЛОТ СЫДЫКОВ, ЭМГЕНИНИЗ КАЙТСЫН!!!))))