Депутат: "2023-жылы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот деп Сооронбай Жээнбеков жалган айтып койгонбу?"
Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралды. Анда депутат Абдывахап Нурбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге суроо берди.
"Сооронбай Жээнбеков президент кезинде "2023-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү бардык айылдарда таза суу маселеси чечилет" деп айткан. Ошол сөздү билесизби? Канчалык деңгээлде ишке ашат? Бул реалдуубу же популизм болгонбу?", - деп сурады депутат.
Бөрүбаев 2026-жылга карата стратегиялык план түзүлгөнүн айтып, 651 айылга суу киргизүү пландалганын билдирди. "2023-жылы бүтөт деген аткарылбай калды", - деп жооп берди.
"Ошондо Сооронбай Жээнбеков жалган айтып койдубу же ал айтканды аткара албай калдыңарбы?", - деп сурады депутат.
Бөрүбаев бул маселени тейлебей турганын айтып, буга тийиштүү агенттиктин жетекчисинин орун басары иш сапарда жүргөнүн белгиледи.






1 |