Бишкекте оор илдеттен жабыркаган үйсүз жарандар үчүн баш калкалоочу жай ачылды





Бишкекте оор илдеттен жабыркаган үй-жайсыз жарандар үчүн хоспис (медициналык мекеме, оорулуулардын абалын жеңилдетүү үчүн шарттар түзүлгөн жай) ачылды. Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мекеме Мурас-Ордо конушунда жайгашкан.
Маалым болгондой, хоспис "Жашоо фонтаны" фондунун алдында ачылган. Аталган фонддун негиздөөчүсү 18 жыл мурда Кыргыз жергесине келип, үй-жайсыз адамдарга жардам бере баштаган. Фонд тарабынан ачылган баш калкалоочу жайларга жашаган жери жок адамдар жуунууга, таза кийим жана бут кийим алууга келишет.
"Жаңы хоспис айыккыс оорулууларга жардам көрсөтүүгө адистешкен. Ал керектүү медициналык жабдуулар, даярдалган медициналык персонал менен камсыздалган. Бул өз кезегинде оор абалдагы бейтаптарга бардык зарыл жардамды жана колдоону көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле алардын ыңгайлуулугу жана жайлуулугу үчүн өзүнчө палаталар жуунуучу бөлмөсү менен каралган. Азыркы тапта хоспис 5 кишиге ылайыкташса, алдыда кеңейтүү мерчемделген", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.