super.kg logo

Израилде сиам эгиздеринин баштары биринчи жолу бөлүндү (сүрөт, видео)

 

Израилдеги дарыгерлер биринчи жолу башы бириккен сиам эгиздерин ийгиликтүү ажыратып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эгиздер 2020-жылдын август айында төрөлгөн. Дарыгерлер ымыркайлар төрөлө электе эле аларды ажыратуу операциясын пландап башташкан. 12 сааттык операциядан кийин ымыркайлар бири-бирин карай алышты жана алар мындан ары кадимки балдардай жашай алышат.

"Ар кандай туура эмес чечим өлүм менен өмүрдүн ортосунда чечүүчү болуп калышы мүмкүн эле. Баары абдан кылдаттык менен жасалды. Анткени операция ымыркайлардын баштарындагы чоң кан тамырлардын ортосунда жүргүзүлгөн. Кан кетүү чоң катастрофага алып келерин түшүндүк", - деген Беэр-Шевадагы "Сорока" медициналык университетинин борбордук педиатрия бөлүмүнүн директору доктор Исаак Лазар.

Эгиздердин ооруканага жаткырылышы да оңой болгон эмес. Анткени жабдыктар жана башка шарттар бир гана ымыркайга арналып жасалган. Мындан тышкары дарыгерлер ымыркайлар үчүн кошумча терини өстүрүшү керек болгон. Алар баштын жанаша бөлүктөрүнө жана баш сөөктүн ортосуна үйлөмө силикон баштыктарды салышып, үстүнө терини өстүрө башташкан.

"Бир нече күн бою баштыктарга стерилденген суу куюлуп, анын көлөмү көбөйдү. Бул акырындык менен теринин көлөмүн чоңойтуп, 5-6 айдан кийин сууга толгон баштыктар жана аларды каптаган тери ымыркайдын башындай болуп калды. Бул шарлар даяр болгондо эгиздерди операцияга жөнөтүлгөн. 12 саатка созулган операцияга дарыгерлер эки топко бөлүнүп, ымыркайлардын баш сөөктөрүн калыбына келтиришти. Натыйжада даярдыктардын аркасы менен операция ийгиликтүү аяктады. Андан кийин эгиздер жандандыруу бөлүмүнө которулуп, эртеси эле алар өз алдынча дем ала башташкан жана бири-бирин алгачкы жолу көрүшкөн", - деп билдирген адис.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуу Британиянын дарыгерлери баш сөөгү жана кан тамырлары бириккен сиам эгиздерин ийгиликтүү бөлүп алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: