super.kg logo

Бишкекте жол чийиндерин түшүрүүнүн жаӊы технологиялары сыноодон өтүүдө

 

Бишкекте жол чийиндерин түшүрүүнүн жаӊы технологиялары сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана муздак пластикти кол менен, ал эми жол красканы жана ысык пластикти машина менен чийүүдө. Бардык факторлор эске алынып, азыр ишкана тарабынан салыштырма анализ жүргүзүлүүдө.

"Жакында эле “Курулуш техникасы жана материалдары” компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте шмелёк жол чийиндерин чийүүчү машинасын колдонуп көрдүк. Орозбеков жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн чийинин чийдик. Ишкананын жол мастерлери машинаны башкарууга аракет кылып, анын көрсөтмөсү менен таанышты.

Шмелёк машинасы Беларусь Республикасында өндүрүлөт жана муздак пластик менен гана иштейт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: