Кыргыз өлкөсүнө келген актриса Мерьем Узерли аны жылуу тосуп алгандарга ыраазычылык билдирди
"Даңазалуу доор" аттуу түрк сериалы аркылуу таанылган актриса Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүндө аны жылуу тосуп алгандарга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"2019-жылы Лос-Анжелесте өткөн Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) калыстар тобунун президенти болгондон кийин, 2022-жылы май айында Стамбул шаарында өтүүчү Азиялык эл аралык кинофестивалдын элчисин жарыялоо мен үчүн чоң сыймык. Ага 40тан ашуун өлкө катышат, жеңүүчүлөрдүү эл аралык калыстар мүчөсү сыйлайт. Стамбулда биз эл аралык атактууларды, продюсер, режиссёр, кинорежиссёрлорду кабыл алабыз.
Укмуштуудай кооз Кыргыз өлкөсүндө жылуу тосуп алышканына ыраазычылык билдирем. Бардык команданы куттуктайм жана ыраазычылыгымды билдирем. Өзгөчө Шухрат Ибрагимов, Садык Шер-Нияз, Асель Шерниязова, Мендерес Демир, Сергей Рахлин, Бретт Сысон, Мелика Дуран, Жорж Жожо жана башкаларга терең ыраазычылык билдирем", - деп жазган актриса.
Эске салсак, Мерьем Узерли бүгүн Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде маалымат жыйын берди. Ал Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келген.

