super.kg logo

Улукбек Марипов күйүүчү майга тийиштүү маселелерди чечүүнү тапшырды

 

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Марипов алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча сапаттуу даярдык иштеринин маанилүүлүгүн белгилегенин министрлер кабинетинен кабарлашат.

"Парламенттик шайлоону уюштурууга жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүү, ошондой эле тийиштүү уюштуруу иштерин жүргүзүү зарыл", - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары Улукбек Марипов күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү боюнча бардык даярдык иштерин жыйынтыктоону тапшырды.

"Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү керек. Ошондой эле күйүүчү майга тийиштүү учурдагы маселелерди чечүү жана зарыл болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.09.2021. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бензин түшсө жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: