Депутат: "Яндекс" такси Кыргыз өлкөсүнөн миллиондогон акча таап, салык төлөбөгөнү туура эмес"
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Акыл Кемелов "Яндекс" такси боюнча маселе көтөрдү.
"Яндекс" такси кызматынын тиркемеси менен чет элдик компаниялар биздин рынокто иш алып барып жатат. Ошолор биздин мамлекетке салык төлөйбү?", - деп сурады депутат.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков Экономика жана финансы министрлиги Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтты. "Анда Google, Фейсбук, Яндекстин салык төлөшү боюнча өзгөртүүлөр киргизилген", - деди ал.
Депутат: "Яндекс" биздин жарандардын эсебинен, мамлекетибиздин аймагынан акча таап, салык төлөбөгөнү туура эмес. Алардан салык түшүшү керек. Башкача технологиясын алып келип, ата мекендик компанияларды кысып койду. Кеч аракет көрүп жатасыздар. Эрте чара көрүш керек эле", - дейт.
кошулду



Яндексти кыргызстандан айдап чыгуу керек же болбосо тарифке болгон чектоо коюу керек алар учун. Эгерде налог толотсо деле ошол акчаны элден сыгып алат тарифти которуп. Биздин озубуздун такси кызматтарын пайдалангыдай шарт тузуу керек.
Россиядан бизге келчу ГСМдерге пошлина киргизет экен Россия, ал эми Россиянын компаниясы (яндекс) ар ай сайын биздин казынага ондогон жуздогон миллион сом салык толошу керек болсо, бир сом толобой келет. Россияда болсо ар бир мигрант Россиянын казынасына салык толоп иштейт. Кана адилеттуулук?!