Депутат "Манас" аэропортунда бет кап тагынуу, аралыкты сактоо талабы аткарылбай жатканын айтты
Депутат Бейшеналы Нурдинов "Манас" аэропортунда бет кап тагынуу, аралыкты сактоо талабы аткарылбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Аэропортто пандемия убагында санитардык тартип кандай сакталып жатат? Бет кап тагынуу, аралыкты сактоо талабы аткарылбай жаткандай сезилет. Бул боюнча кандай иштер жүрүп жатат?", - деп сурады депутат.
"Манас" эл аралык аэропортунун башчысы Бакыт Шаршеев бул боюнча республикалык штабдан берилген алгоритм боюнча иш алып барып жатышкандарын айтты. "Биздин кызматкерлер бет кап тагынуу боюнча катуу тартипти сактайт. Аэропортто иш кылган авиакомпаниялардын жана башка мекемелердин кызматкерлири санитардык талаптарды аткарбаса чараларды көрөбүз. Ал эми жүргүнчүлөр боюнча штаб менен макулдашып, билети жок узатуучуларды киргизбейбиз. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Биздин кызматкерлер жүргүнчүлөргө катуу айтканга болбойт", - деди ал.

