Депутат пакистандыктардын өлкөдө көбөйүшү боюнча: "Бостериге баргандар Исламабадга келип калдыкпы деп чочуп кетсе керек"
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Рыскелди Момбеков пакистандык жарандардын өлкөдө көбөйүп жатканы боюнча маселе көтөрдү.
"Бул актуалдуу маселе болуп калды. Бостериге баргандар Исламабадга келип калдыкпы деп чочуп кетсе керек. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, июль-август айларында 7 жарым миң туристтик виза берилген. Азыр Чек ара кызматы 9 миң 900 берилген деп айтып жатасыңар", - деди ал.
Чек ара кызматынын өкүлү 1-январдан 31-августка чейин 9 миң 917 виза берилгенин эскертип, 1-сентябрдан баштап виза берүү токтотулганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.