super.kg logo

БШК парламенттик шайлоодогу округдардын схемаларын бекитти

 

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодогу округдардын схемаларын жана чек араларын бекитти. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорционалдык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн өлкөнүн бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Мында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет. Ал эми Жогорку Кеңештин 36 депутатын мажоритардык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо маселесин ар тараптуу талкуулоо үчүн бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча мекемелер аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Талкууларга облустардагы жана райондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:

Облус

Шайлоочулардын саны

Округдардын саны

Бишкек

428 599

4

Ош, Ош облусу

898 569

9

Баткен облусу

305 053

3

Жалал-Абад облусу

686 364

7

Талас облусу

163 109

2

Чүй облусу

609 774

6

Нарын облусу

209 101

2

Ысык-Көл облусу

316 572

3

Бардыгы:

3617141

36

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, башкача айтканда 13-октябрга чейин (кошуп алганда) аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: