Митингге чыккандарга мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы келди
Бүгүн, 7-сентябрда өкмөт үйүнүн алдына мугалимдер жана медициналык кызматкерлер митингге чыгышты. Алар ипотеканын пайызын кыскартып берүүнү суранышты.
"Бардык жарандар мамлекеттик ипотекалык компаниядан өзүнө тиешелүү батирлерди алышкан. Батирлердин пайызын түшүрүү максатында өкмөттөн талап кылып келдик. Буга чейин жарандарга баштапкы төлөмү жок, 4 пайыз арзандатуу менен үй алса болот деп билдиришкен. Ушул күнгө чейин эмне себептен бизди алдап келгенин билели деп келдик. Буга чейин да эки сапар уюштурганбыз. Андан бери сегиз ай өттү, бирок дагы деле жооп жок", - деди Кыргыз өлкөсүндөгү насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын төрагасы Канат Иманов.
Жогорудагы маселе боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы Аида Бейшеналиева төмөнкүлөргө токтолду.
"Биз толук маалыматты кечээ, 6-сентябрда өзүбүздүн сайтка чыгарганбыз. Ал эми 16-сентябрь күнү программа толук ишке ашат. Ошол күндөн тарта бардык жарандар банкка барып кайрылса болот", - деди ал.

