super.kg logo

Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров парламенттик шайлоого даярданып жатканы айтылды

 

Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров парламенттик шайлоого талапкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналына жарыялады.

"Парламенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны абдан көп. Бири-бири менен кофейняда жолугуп сүйлөшүп жатышат. Партиялар бир ай ичинде партиялык жана бир мандаттуу округдардан талапкерлердин тизмесин тактап алышы керек. Ушундай жолугушууларды президенттин баласы Рустам дагы өткөрүп жатат.

Мыкты жигит. Бирок ал атасынын иштеринин баарын бузуп салышы мүмкүн. Бул нерсенин аягы кайгылуу бүтүшү ыктымал. Анткени буга чейинки эки президенттин баласы ушул сыяктуу иштер менен алектенген учурларды көрдүк.

Президент бул үчүн аны урушат деп үмүттөнөм жана ал бардык каалоолорун токтотот. Албетте, бул өлкөгө же анын үй-бүлөсүнө артыкчылыктарды кошпойт. Мен ойлойм, алар үй-бүлөлүк кеңеште туура чечим чыгарышат, уулуна саясий платформа түзүүнүн кереги жок.

Ал өзү тизмеде жок болушу мүмкүн, бирок уюштура алат. Бул тууралуу көптөгөн депутаттар жана талапкерлер айтып жатышат.

Кыргыз өлкөсү кичинекей мамлекет, бул жерде эч нерсени жашыра албайсың", - деп билдирүү калтырган Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
07.09.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгерде ушул сөз чын болсо, анда үмүттүн шооласы өчүп, Кыргызстандын келечеги бүдөмүк бойдон калат! И так эле Ташиев резиденцияда жашап, баласынын тойун ошол жерден өткөргөнү көпчүлүктүн каарына тийип жатат! 600 000 000 коротушат экен 1жылга резиденция үчүн, бул суммага 10 мектеп салса болотко же 25- 30 бала бакча салса болот! Садыр Жапаров элди ойлосо Ташиев эмес өзү чыгып кетиши керек резиденциядан! Уругвайдын президентине окшоп жашаса карапайым эл менен бирге, мамлекеттен акча жебей.
07.09.2021. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жапаров менен Ташиевдин мажорлорун корсон конул айныйт. Ким бироо 1600 сом менен 4 баласын жарым ачка багып жатат олбостун кунун коруп, ал эми Ташиев менен Жапаровдун мажорлору Хабиб келсе, башка келсе ошолордун жанында журот, казынанын эсебинен миллиондорду чачып.....

Ушул мажорлор элди ойлойт дейсинерби? Элди ойлосо ушундай койрондонуп журушот беле миллиондорду сапырып........
07.09.2021. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вы не достойный! Менттерден таяк ыйлаганын эсинден чыктыбы
07.09.2021. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Садыр алга, ичинер куйсо туз жалагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: