super.kg logo

Өлкөдө 7 жашка чейинки балдардын 22 пайызы гана мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалды

 

Алдыдагы 4 жылда өлкөдөгү 7 жашка чейинки балдардын 50 пайызын мектепке чейинки билим менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу Бакыт Исмаилов өлкөнүн билим берүү системасынын жетекчилери жана окутуучулардын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин 14 пункттан турган 4 жылдык программасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу да каралган. Анда өлкөдөгү бала бакчалардын жана мектепке даярдоочу мекемелердин санын көбөйтүү менен азыркы көрсөткүчтү 50 пайызга жеткирүү планы камтылган.

Учурда өлкө аймагындагы 7 жашка чейинки балдардын 22 пайызы гана мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган. Аларды мектепке даярдоо үчүн өлкө боюнча 1 миң 648 мекеме (алардын ичинде балдар бакчасы да бар) иш алып барат.

Ал эми өлкөдө 7 жашка чейинки жалпы 1 миллион 117 миң 950 бала бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
07.09.2021. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаарларды билбейм. Элет жергесинде 3-7 жаш арасындагы наристелердин 10%ти да бала бакчага барбайт. Бала бакчалар ото ото аз. Коррупция.
07.09.2021. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ балдарыбызды окуталы, светтик билим алышсын. Эртен Афганистанга окшоп калбайлы айланайындар.
suban78 түзөттү 2021-09-07 16:54:15
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: