super.kg logo

Тышкы иштер министринин орун басары: "Пакистандык туристтердин келиши менен өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оорлошкон эмес"

 

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов Пакистандан келген туристтер обсервацияга жатпай, кенен өлкөнү кыдырып жүргөнүн айтты.

"Пакистандан келген туристтер обсервацияга жатыш керек да. Эмнеге башка жактагылар учуп келсе, Кыргыз өлкөсүндө кенен басып жүрүшү керек? Буга ким жооп берет?" - деп сурады депутат.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандан келген туристтер электрондук виза алышканын билдирди. "Анкетаны толтургандан кийин 5 күндүн ичинде УКМК текшерип уруксат беришет. УКМКнын уруксатынан кийин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти тастыктама берет. 1-январдан тарта 9 миң 917 адамга виза берилиптир. Алар каттоого алынбайт. Виза бир айга берилгенде Чек ара кызматы өлкөгө кирип-чыгарда мөөр басат. Туристтик компаниялар өздөрү уюштуруп, аларды аэропорттон тосуп алып, автобус менен мейманканага жайгаштырат. Аларды коштоп жүрөт. Ушул маселе боюнча коомчулуктун коопсуздугун карап, виза берүүнү токтотконбуз. Пакистандык, индиялыктарга виза берүү токтотулган. Алардын келиши менен өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оорлошкон эмес, ошондой эле туристтер катышкан чыр-чатак катталган эмес", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: