Инспектордун огунан каза тапкан Абдыраевдин өлүмү боюнча ИИМдин 22 кызматкери тартип жазасына тартылды
Бишкектеги мечиттердин биринин жанында кенже инспектордун огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча Ички иштер министрлигинин 22 кызматкери тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Анын айтымында, ИИМ тарабынан ички иликтөө боюнча териштирүү жүргөн. "Бул иш боюнча Аскер прокуратурасында Ички иштер министрлигинин 4 кызматкери көрсөтмө беришүүдө. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин 22 кызматкери тартип жазага тартылды. 9 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулду, 1 кызматкер жумуштан кетти, 12 кызматкер тартип жазасына тартылды", - дейт ал.
Маалымат үчүн:
Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.
Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.
Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун жубайы делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.
Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи.
Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашкан. Мындан тышкары дагы 3 кайгуул кызматкери өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.


Мындай иштердин алдын алуу керек эле да...Адамдын өмүрү кыйылды...